Франция коронавирус жуктурган бардык бейтаптарын айыктырды

© REUTERS / Noel Celis / PoolСитуация в Шанхае в связи с коронавирусом
Ситуация в Шанхае в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Францияда ооруну жуктуруп алгандар боюнча 12 учур катталып, бир адам көз жумган.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Франциянын саламаттык сактоо министри Оливье Веран өлкөдө буга чейин коронавирус диагнозу коюлгандардын баары айыкканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Францияда ооруну жуктуруп алгандар боюнча 12 учур катталып, бир адам көз жумган.

"Франциянын аймагында бул дарт менен ооругандар жок. Вирус эми тарабайт. Лиондо акыркы бейтап дарыланып чыкты", — деди Веран.

Коронавирус тууралуу

Ооруканада вакцинация өтүп жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын элчиси коронавирусту ооздуктай турчу вакцина боюнча маалымат берди
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экенин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Кийин аталышы COVID-19 деп өзгөртүлгөн.

Кыргызстан Кытай менен менен чектешкен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон. Республика боюнча коронавируска кабылгандар жок.

Соңку маалыматтарга караганда, дүйнө боюнча вирустан 2 663 киши көз жумуп, жуктургандардын саны 80 миңге чукулдады. Ошол эле учурда 27 миңден ашуун адам айыкканы белгилүү болду.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0