https://sputnik.kg/20200209/indiya-tashka-ajlanyp-baratkan-kyz-1047011257.html
Индияда сейрек илдетке кабылган кыз ташка окшошуп баратат. Сүрөт, видео
Индияда сейрек илдетке кабылган кыз ташка окшошуп баратат. Сүрөт, видео
Sputnik Кыргызстан
Жети жаштагы кыздын колу-бутун, ичин жана далысын ыйлакча сымал шишиктер басканын көрүүгө болот. Илдеттин дабасы табыла элек. 09.02.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-02-09T08:43+0600
2020-02-09T08:43+0600
2021-12-16T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/104672/48/1046724849_0:0:1920:1087_1920x0_80_0_0_887bea5ab0aaae9d51807cbf636281d5.jpg
индия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104672/48/1046724849_0:0:1920:1207_1920x0_80_0_0_8067a024e578ce6ca26e128d473a999b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, индия, видео
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, индия, видео
Индияда сейрек илдетке кабылган кыз ташка окшошуп баратат. Сүрөт, видео
08:43 09.02.2020 (Жаңыртылды: 13:56 16.12.2021) Жети жаштагы кыздын колу-бутун, ичин жана далысын ыйлакча сымал шишиктер басканын көрүүгө болот. Илдеттин дабасы табыла элек.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Индиядагы жети жашар Раджешвари сейрек кездешкен ихтиоз оорусунан улам денеси ташка окшошуп баратат. Бул тууралуу Daily Mail жазды.
Кыз Чхаттисгарх штатында жашайт. Ал жакта оорукана жок болгондуктан коңшу шаардагы дарыгерлерге баруу кыйынчылык жаратууда. Анын колу-бутун, ичин жана далысын ыйлакча сымал шишиктер баскан. Денеси кыймылдаган сайын ооруксунтуп турат.
Дарыгерлердин айтымында, бул оору тукум кууйт, кээде башка факторлор да себеп. Абалды А витамини бар препараттар гана жеңилдетип, бирок толук айыктыра албайт.
Макалада бул илдет боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, бирок дабасы табыла электиги белгиленет.