Кайнап жаткан кадимки Күн планетасынын үстүнөн көрүнүшү. Видео, сүрөт

CC0 / Pixabay / FabuloussaversПланета Солнце
Планета Солнце - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрдан алтын түстүү элементтердин жай, былкылдап кайнап жаткан сымал кыймылын байкоого болот. Бул адамзат тарыхындагы Күндүн дал үстүнөн тартылган эң жакшы сапаттагы сүрөт.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Америкалык астрономдор DKIST (Daniel K. Inouye Solar Telescope) телескобунун жардамы менен Күн планетасын дал үстүнөн тартып алышты. Бул туурасында маалымат АКШнын улуттук илимий фондунун сайтына жарыяланды.

Сүрөттү Гавай архипелагынын Мауи аралында орнотулган телескоп тарткан.

Ал эми видео аталган уюмдун YouTube каналына жарыяланды.

Кадрдан алтын түстүү элементтердин жай, былкылдап кайнап жаткан сымал кыймылын байкоого болот. Өзгөчө кызыктуу мындай видеону социалдык тармактан 2,8 миллион адам карап чыккан.

Андан сырткары, Twitter баракчадан даана тартылган сүрөткө да күбө боло аласыз.

​"Бул адамзат тарыхындагы Күндүн дал үстүнөн тартылган эң жакшы сапаттагы сүрөт. Буга чейин биз айсбергдин үстүн гана көрүп келгенбиз", — деп айткан DKIST долбоорунун жетекчиси Томас Риммеле.

Спутник NASA обнаружил потенциально обитаемую планету. Видео - Sputnik Кыргызстан
TESS телескобу жашоого ыңгайлуу планетаны тапты. Видео
Маалыматта алынган видео жана сүрөт окумуштуулардын кубаттуу Күндүн активдүүлүгүн, жылдыздардын тизмегин дагы тереңирээк изилдөөгө жол ачары айтылган. Бул аз болсо да авиация транспортуна, спутниктик байланышка жана Жердин электр тармагына таасирин тийгизет.

Адистердин айтымына караганда, бул сүрөттөр Күндүн физика илиминдеги жаңы эрасын ачканга мүмкүнчүлүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0