https://sputnik.kg/20191214/moda-synchylar-melaniyany-kojnogun-shyldynga-aldy-1046511961.html
Колунда мандем барбы? Мелания Трамптын көйнөгү шылдыңга кабылды
Колунда мандем барбы? Мелания Трамптын көйнөгү шылдыңга кабылды
Sputnik Кыргызстан
Ак үйдө Конгресстин салтанаттуу кечесине Мелания Трамп Reem Acra брендинин ак көйнөгүн кийип келген. Анын үстүнөн колун жапкан ак, узун жамынчы жаап алган. 14.12.2019, Sputnik Кыргызстан
2019-12-14T14:25+0600
2019-12-14T14:25+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104651/18/1046511894_0:83:3071:1819_1920x0_80_0_0_3c93d23291d04aa02660b438e68ed02f.jpg
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2019
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104651/18/1046511894_0:0:3071:1930_1920x0_80_0_0_36b3ad4fe30e7446fcae04ca6adfb3d2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, саясат, дүйнөдө, акш, мелания трамп
жаңылыктар, коом, саясат, дүйнөдө, акш, мелания трамп
Колунда мандем барбы? Мелания Трамптын көйнөгү шылдыңга кабылды
14:25 14.12.2019 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ак үйдө Конгресстин салтанаттуу кечесине Мелания Трамп Reem Acra брендинин ак көйнөгүн кийип келген. Анын үстүнөн колун жапкан ак, узун жамынчы жаап алган.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын Конгресстин салтанаттуу кечесине кийип келген көйнөгүн мода сынчылары сынга алышканын Express басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Ак үйдө Конгресстин салтанаттуу кечесине Мелания Трамп Reem Acra брендинин ак көйнөгүн кийип келген. Анын үстүнөн колун жапкан ак, узун жамынчы жаап алган. Анысы кристалл таштар менен кооздолгон.
Меланиянын образын дал ушул жамынма бузуп койгон. Мындай ойлорун мода сынчылары Twitter баракчасына жазышты.
"Салтанаттуу кечеге Мелания эмнеге халат кийип алган?!", "Эмне, ак халат кийсе эле периштеге окшошуп калам деп ойлогонбу?", "Ал жөн гана жарашыктуу пальто кийип алса болмок да, же колунда мандем барбы?" — деп жазышкан колдонуучулар.
Соцтармак колдонуучулары АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын кийимин биринчи жолу шылдыңга алып жаткан жок. Буга чейин ал БУУнун жыйынына кийип барган ачык күлгүн көйнөгү менен да көпчүлүктүн сынына кабылган.