19:21 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR84.5647
  • RUB1.0428
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
182 0 0

Британиянын канышасы акыркы кезде көп убактысын Виндзордогу резиденциясында өткөрүп жатат. ЖМКлардын жазганына караганда, ал өзүнүн милдеттерин аткаруудан акырындап баш тартууда.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Улуу Британиянын канышасы Елизавета II тактыдан баш тартып, ордуна уулу Чарльз келиши ыктымал. Бул тууралуу The Sun басылмасы падышанын үй-бүлөсүнө жакын адамдарга таянуу менен жазды.

Ага ылайык, мындай окуя алдыдагы бир жарым жылда ишке ашып, канышанын 95 жылдыгына арналышы мүмкүн.

Британиянын канышасы акыркы кезде көп убактысын Виндзордогу резиденциясында өткөрүп жатат. ЖМКлардын жазганына караганда, ал өзүнүн милдеттерин аткаруудан акырындап баш тартууда.

Статистикага ылайык, каныша 2018-жылы 283 расмий иш-чарага катышкан. Бул өз кезегинде 2016-жылга салыштырмалуу 49 иш-чарага аз. Ал эми Чарльз акыркы убактарда расмий иш-чараларга активдүү катышып баштады. Быйыл ал 507 расмий иш-чарага барган.

Елизавета II тактыга 1952-жылы 6-февралда 25 жашында отурган. Бүгүнкү күнү ал тактыда эң көп отурган монарх катары рекорд койду.

Елизавета Александра Мария бир гана Британиянын канышасы эмес, Австралиянын, Канаданын, Жаңы Зеландиянын жана Ямайканын канышасы болуп саналат.

Тема боюнча

Елизавета II Букингем сарайындагы барды жабууну чечти
Белгилер:
Елизавета II, Улуу Британия

ЭҢ МААНИЛҮҮ