13:53 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8426
  • EUR77.0294
  • RUB1.0928
Эркек киши. Архивдик сүрөт

Сүйгөнүнөн кол үзөрү менен байып кетти. Австралиялык кишинин окуясы

CC0 / Pixabay / Daniel Reche
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
3580 0 0

Сүйлөшкөн кызы "Корона" казиносунан чыгып бараткан маалда Кенни жеңүүчү болгонун көрүп калган.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Австралиянын Мельбурн шаарынын тургуну сүйлөшкөн кызынан кол үзөрү менен 800 миң Австралия долларын (550 миң АКШ доллары) утуп алды. Бул тууралуу Daily Mail маалымдады.

Кенни аттуу киши Мельбурн кубогунда ат чабыш көрүп жатканда сүйлөшкөн кызы аны менен мамилесин үзөрүн айтат. Сүйүктүүсү менен мамилесин чечишип атып Кенни "ставка" койгон күлүктөрү биринчи келгенин байкабай калган.

"Сүйлөшкөн кызы "Корона" казиносунан чыгып бараткан маалда Кенни өзүнүн аккаунтун текшерип, жеңүүчү болгонун көрүп калат. Жеңишин уккан сүйлөшкөн кызы кетпей турууну чечкен. Кечке чейин Кенни сүйүктүүсүн сыйлап, андан соң түгөйлөр эки жолго түшкөн", — деп жазылат маалыматта.

Жеңүүчү уткан акчасына үй ала турганын айткан.

Тема боюнча

Дубайда лотереядан 1 млн. доллар уткан казакстандыкты издеп жатышат
Белгилер:
байге, акча, ат чабыш, жеңиш, Австралия

ЭҢ МААНИЛҮҮ