20:47 02 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.5222
  • EUR82.1316
  • RUB1.0658
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
2242 0 0

Жолдошунун арзуусуна ээ болууну самаган Пак аттуу кыз 10 ай бою спорттук оор көнүгүүлөрдү жасап, мүнөздөп тамак ичкен. Анткен менен күйөөсүнүн мамилеси өзгөргөн эмес. 

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Йога боюнча мурда инструктор болуп иштеген түштүккореялык Пак Жи Вон төрөттөн кийин 40 килограмм салмак таштап, андан кийин өмүр бою уу сөзү менен көңүлүн калтырып келген жолдошун таштап кетти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 지 원 (@love__lean)

Бир нече жыл мурда Пак кызын жарыкка алып келип, төрөттөн кийинки депрессияга кабылган. Мындан улам ал тамакты көп жей баштаган. Акырындап отуруп салмагы 86 килограммга жеткенин China Press жазат.

Бул убакыттарда анын күйөөсү келишимдүү болбой калганына нааразы болуп, зекип турган. Күйөөсүнүн сүйүүсүн кайтаруу үчүн келин 10 ай бою спорттук оор көнүгүүлөрдү жасап, мүнөздөп тамак ичкен. Натыйжада 40 килограммга арыктай алган. Анткен менен күйөөсүнүн жүрөгү жылыбай койгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 지 원 (@love__lean)

Пак ажырашууну чечкен. Кыздын айтымында, жолдошу менен кол үзүшкөндөн кийин жашоосу башка нукка өзгөргөн. Учурда ал социалдык тармак аркылуу арыктоо жана пайдалуу тамактардын рецептери тууралуу кеңештери менен бөлүшүп келет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 지 원 (@love__lean)

Тема боюнча

50 килограммга арыктаган актрисаны достору тааныбай калды. Сүрөт
Белгилер:
ажырашуу, арыктоо, жубайлар, кыз, Түштүк Корея

ЭҢ МААНИЛҮҮ