19 жаштагы кызды өрттөгөн кишилер өлүм жазасына өкүм кылынды. Бангладештеги окуя

Жазылуу
Кызга тийишип, аны кармалаган директор да күнөөлүү деп табылды. Тергөөнүн жыйынтыгында ал темир тордун артында отуруп алып, кызды өлтүрүүгө буйрук бергендиги анык болгон.

 

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бангладеш соту медреседеги мугалими тийишти деп полицияга кайрылган 19 жаштагы кыз Нусрат Жахан Рафинини өрттөөгө катыштыгы бар 16 кишини өлүм жазасына буюрду. Бул туурасында BBC жазды. 

Басылма мындай иштер адатта жылдап каралып келсе, бул сапар сот жараяны тездетилген темпте өткөнүн белгиледи. Жыйынтыгында Нусрат Жахан Рафини өрттөөгө ал окуган медресенин мугалимдери, чогуу окуган тайпалаштары жана андан сырткары "Лига Авами" деп аталган партиянын жергиликтүү бөлүмүнүн эки жетекчиси катыштыгы бар деп аныкталган .

Мындан сырткары, кызга тийишип аны кармалаган директор да күнөөлүү деп табылды. Тергөөнүн жыйынтыгында ал темир тордун артында отуруп алып, кызды өлтүрүүгө буйрук бергендиги анык болду. Себеби аны Нусрат Жахан Рафининин арызынан улам кармашкан эле.

Сотто маркум кыздын туугандары адилеттүүлүк орногондугуна, кылмышкерлер жазасын алгандыгына ыраазы экендиктерин айтышты. Ал эми кылмышкерлердин жактоочулары соттун бул чечимине арызданарын айтышкан.

Полициянын шалаакылыгы

Случаи насилия над детьми - Sputnik Кыргызстан
Соттор эми бала зордуктагандардын жазасын жумшартат. Жаңы мыйзам
Окуя 2019-жылдын жазында болгон. Март айында кыз директор кабинетине чакырып алып, тийишип, кармалагандыгын айтып, арызданган. Мындай көрүнүшкө Бангладештеги кыз-келиндердин көбү кабылып, бирок жакындары менен коомчулуктан коркуп унчукпай, баарын жутуп жашап келет. Ал эми Нусраттын окуясы такыр башкача өңүттө өнүгүп, үй-бүлөсү кызын колдоп, жөлөк-таяк болуп чыккан. Кыз полицияга барып, арыз жазган. 

Жабырлануучунун коопсуздугуна кам көргөндүн ордуна офицер кыз жагымсыз учурду башынан өткөргөнүн айтып берип жатканда телефондун видеосуна тартып алган.

Кадрда Нусраттын коркконунан, ызаланганынан ыйлагандыгын көрүүгө болот. Офицер видеону жергиликтүү журналисттерге берип, ал тез эле социалдык тармакка тарап кеткен.

Каргашалуу 6-апрель

Мындай ызы-чуулуу окуядан 11 күн өткөндөн кийин, 6-апрелде, Нусрат акыркы экзамендерин тапшыруу үчүн медресеге барган. Аны мектепте узатып келген бир тууганы Макмудул Хасан карындашы менен чогуу кирүүгө аракеттенип, бирок беркилер каршы болуп койгон.

Кыз класста отурганда чогуу окугандардын бирөө келип, анын курбусун чатырга алып чыгып, уруп жатат дешкен. Жардамга чуркаган Нусратты паранжы кийип алган төрт-беш эркек кармап алып, директорго жазган арызын алып салууну талап кылышкан. Нусрат, албетте, андан таптакыр баш тарткан. Беркилер кызга керосин куюп, андан соң от коюп жиберишкен. Кылмышкерлер окуяны кыз өзүнө-өзү кол салгандай кылып көрсөтүүгө аракет кылышкан. Бирок денесинин 80 пайызы күйгөн Нусрат ооруканага жеткенде трагедиянын кандай болгонун айтып калууга үлгүргөн.

Полиция канкорлор кыздын башын жаап туруп өрттөшкөндүктөн улам баш териси соо калганын журналисттерге айтып берген. Жергиликтүү ооруканадагылар ага жардам бере албагандыктан, аны Дакка шаарына жеткиришкен. Күйүк акыры анын өмүрүн аларына көзү жеткен кыз агасынын телефонуна акыркы сөзүн, арызын жазып калтырган.

"Мугалим мени кармалады. Мындай кылмыш менен акыркы демим калганга чейин кармашам", — деп жазып калтырган. Анын өмүрүнө кол салып өрттөгөндөр медресенин студенттери экендигин тааныганын айтып кеткен.

Нусрат 2019-жылдын 10-апрелинде үзүлгөн. Аны акыркы жайына берип, коштошууга кичи мекени Фениге миңдеген адам келди.

Нусраттын өлүмү өлкө тургундарынын нааразылыгын жаратып, бир топ нааразылык акцияларына чыгышкан. Кыздын ата-энеси менен жолуккан Бангладештин премьер-министр Шейх Хасин кызынын өмүрүн алгандар жазасын аларына убада берген.

2009-жылы аталган өлкөнүн Жогорку соту бардык мектептерде сексуалдык жактын ыдыкка кабылгандардын арызы жазылган каттарды сала турган кутучаларды ачуу боюнча токтом кабыл алган. Анткен менен муну көп мектептер колдогон эмес.

Активисттер аталган демилгенин аткарылышын талап кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0