20:09 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
АКШнын полиция кызматкерлери. Архив

Мугалим окуучуну мээрим төгүп кучактап, колундагы куралын таштатты. Видео

© REUTERS / Jorge Salgado
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
769310

Мектеп окуучусу куралды мыйзамсыз сактап жүргөнү үчүн күнөөлүү деп табылып, шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылды.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. АКШнын футбол жана жеңил атлетика боюнча машыктыруучусу Кианон Лоу өзүнүн мээрими менен куралчан баланы кучактап, тынчтандырып, башка окуучуларды өлүмдөн алып калды. Бул туурасында ABC News телеканалы билдирди.

Портленд (Орегон штаты) аймагында 17-майда аз жерден трагедия болуп кете жаздаган. Малтнома прокуратурасы кооптуу окуянын видеосун элге жайылтканга эми гана уруксат берди.

Ал күнү Энжел Гранадос-Диас мектепке октолгон мылтык көтөрүп келген. Аудиторияга куралчан кирип бара жатканда Лоу менен бетме-бет келип калган. Машыктыруучу 19 жаштагы баланы дүрбөлөңгө түшпөй, тынч эле сүйлөп кучактаган. Окуучу да жооп кылып, бекем кучактаган. Ошол учурда ары жактан шашкалактап чуркап келген дагы бир мугалим жулкулдатпай, баланын колунан мылтыкты акырын гана алып кеткен.

"Ал ирмемдерде баланын абалын аңдап билип, боорум ооруду. Көп учурда мындай куракта эмне кылып жатканыңды түшүнбөй калат эмессиңби", — деп айтып берген кийинчерээк Кинен Лоу. Коомчулук анын бул кадамын баатырдык деп баалаган.

Окуядан көп өтпөй полиция жетип келип, куралчан келген окуучуну камакка алган. Маалыматтарда Энжел Гранадос-Диастын акыл-эси ордунда эмес болгондугу айтылган.

Ал катуу жазаланган эмес. Куралды сактап жүргөндүгүн жана аны коомдук жайга алып кирген күнөөсүн мойнуна алгандыктан, шарттуу түрдө үч жыл эркинен ажыратылган.

Тема боюнча

Казакстанда баласын куткарам деген ата автобуска урунуп көз жумду
Белгилер:
курал, окуучу, машыктыруучу, мектеп, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ