Путин Сауд Аравиянын королуна кыргызстандык мүнүшкөрдүн шумкарын белек кылды

© AFP / BANDAR ALGALOUD / SAUDI ROY COURTОфициальный визит президента РФ Владимира Путина в Саудовскую Аравию
Официальный визит президента РФ Владимира Путина в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын лидери араб өлкөлөрүнө расмий сапар менен барган. Анда эки өлкөнүн башчыларына шумкар тартуу кылган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кечээ, 14-октябрда, Россиянын президенти Владимир Путин Сауд Аравиянын королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд менен жолукту.
Путин королго Кыргызстандан алып барылган "Альфа" каймана аты бар шумкар белек кылганын "Коммерсант" басылмасы жазды.

Россиянын лидери араб өлкөлөрүнө расмий сапар менен барган.

Тартууга берилген канаттууну "Мурас" орус-кыргыз мүнүшкөрлөр борборунун башкы директору, шумкардын ээси Шухрат Разаков Эр-Риядга өзү алып барган.

"Бул таза кандуу чемпиондордун тукумунан сакталып калган өзгөчө шумкарлардын бири. Муну Ысык-Көлдө таптап, бактым", — деп айткан Разаков.
Король өз кезегинде Путинге картина белек кылган.

Белгилей кетсек, Россиянын президенти бүгүн, 15-октябрда, мамлекеттик сапар менен Бириккен Араб Эмирлигине барып Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Заид аль-Нахайянга да шумкар белек кылган. Бирок анын кайдан алып барылганы белгисиз.

Путин жооп иретинде мурда БАЭнин президентинин резиденциясы болгон Каср аль-Хосн сарайынын макетин тартууга алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0