09:02 15 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0878
 Бириккен Араб Эмирлигинде Россиянын президенти Владимир Путин менен Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Заид Аль-Нахайян расмий жолугушту

Учактар жана атчан аскерлер. Абу-Дабиде Путинди тосуп алгандагы видео

© Sputnik / Алексей Никольский
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
643 0 0

Путин араб өлкөлөрүнө болгон сапарынын алкагында Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы менен жолукту. Росcиянын лидерин өзгөчө салтанат менен тосуп алышты.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинде Россиянын президенти Владимир Путин менен Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Заид Аль-Нахайян расмий жолугушту. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Иш сапарда Путин өзүнүн Aurus лимузини менен жүрдү. Ал эми Аравиянын номери тагылган Mercedes үлгүсүндөгү унаалар капотуна "ДПС" деп жазып алып жол баштап баратты. Россия лидеринин автоунаасын эки өлкөнүн желегин кармаган атчан аскерлер курчап дарбазага чейин келишти.

Ошол эле учурда асмандан истребителдер учуп өтүп, абага боёк чачып, Россиянын желегин чагылдырды.

Путин андан соң ханзаада менен жолугуп, делегациянын курамы менен таанышуу болду. Кийин эки мамлекеттин гимни жаңырды.

Тема боюнча

Путиндин Кыргызстанга болгон сапары 5 мүнөттүк видеодо
Aurus баштаган кортеж, бал менен боорсок. Путинди тосуп алгандагы видео
Белгилер:
Владимир Путин, Абу-Даби, кортеж, ат, учак

ЭҢ МААНИЛҮҮ