Түркия Сирияда согуштук операция баштады. Дүйнө эмне дейт?

© AFP / BULENT KILICСириядагы Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив
Сириядагы Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 9-октябрда, Сирияда күрд түзүмдөрүнө каршы "Тынчтыктын булагы" согуш операциясы башталды. Өлкөнүн түндүк тарабына 181 жолу сокку жасалган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-октябрда Сириянын түндүк тарабында Күрд жумушчулар партиясына жана "Ислам тобуна" каршы "Тынчтыктын булагы" деп аталган операциясын жар салды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Операциянын максаты

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) атайын ыйгарымдуу өкүлү Феридун Синирли оглу операция террордук кооптуулук менен күрөшүү зарылдыгынан келип чыккандыгын айтты.

"Түркия "Тынчтыктын булагы" операциясын коргонуу максатында баштады. Бул БУУ уставынын 51-беренесинде айтылган. Чек ара коопсуздугун, чек арага жакын аймактардагы террорчуларды алсыздандыруу максатында жасалат", — деп айтылат БУУнун Башкы катчысына жана Коопсуздук кеңешинин төрагасына багытталган катта.

Документте операция Сирияны "Күрдстан жумушчулар партиясы менен Ислам кыймылы" уюмдарынын таралып кетишинен куткарууга" багытталгандыгын айтышты.

"Сириянын Ефратынан чыгышты карай кеткен аймактагы террордук уюмдар, анын ичинен "Ислам кыймылы", Күрд жумушчулар партиясы, Демократиялык биримдик партиясы, коргонуучу элдик армиялар Түркиянын улуттук коопсуздугун олку-солку кылып жатат", — деп айтылган аталган каттын көчүрмөсүндө.

Биринчи кадамдар

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Турцию - Sputnik Кыргызстан
АКШнын сенаторлору Түркиянын аткаминерлерине санкция киргизүүнү сунуштады
Түрк авиациясы 9-октябрда Сириянын Хасеке провинциясындагы Рас эль-Айн шаарына сокку урган. Авиабомбага Түркия менен чектешкен аймакта жайгашкан дагы бир шаар Телль-Абъяд кабылган. Кечирээк кургактагы операция башталган. Түркиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөнүн түндүк тарабына 181 жолу сокку жасалган.

Сириялык күрддөр түрк армиясынын жерден жасаган соккусуна жооп берип жаткандыктарын айтты. Кеп "Сириялык демократиялык күчтөр" (SDF) деп аталган араб-күрд отряддары туурасында болууда.

"Жерден урулган соккуга Телль-Абъядда SDF аскерлери жооп кайтарган", — деп кабарлады "Сириялык демократиялык күчтөрдүн" өкүлү Мустафа Бали Twitter аккаунтуна.

Сириянын мамлекеттик телеканалы артиллериялык атышуу түрк жана "Сириялык демократиялык күчтөрдүн" аскерлеринин ортосунда болгонун билдирди.

Сириянын суверенитети кандай болот?

Жогоруда сөз болгон Феридун Синирли оглунун катында Түркия "Сириянын саясий биримдиги менен аймактык бүтүндүгүнө бекем ишене тургандыгы" айтылат.

"Андыктан Түркия көп нерсеге өзөк болгон бул принциптерге салымын кошуу жана кошо аракет кылуу максатында бул чараларды кабыл алып жатат. Операция Түркиянын кандай гана сепаратисттик нерселерди болбосун, Сириянын бүтүндүгү менен көз карандысыздыгын бузууга катуу каршы туруу боюнча маанилүү чечими", — деп айтылган документте.

Дүйнө буга эмне деди?

Лагердеги балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз өкмөтү кайтарылчу ар бир бала үчүн Иракка 400 доллар төлөйт. Маек
Операциянын башталышына чейин Россия лидери Владимир Путин Түркия президенти Эрдоган менен телефондон сүйлөшүп, абалды таразалап кароо боюнча айткан.

Евробиримдик Түркияны Сириянын түндүк-чыгышындагы "бир тараптуу согуштук акцияны" токтотууга чакырды. Бир катар араб өлкөлөрү, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш бул кырдаалга өтө тынчсызданып жаткандыгын билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңеши бардык тараптарды ачууга алдырбоого, сабырдуулукка чакырды.

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ Түркиянын Сириядагы согуштук операциясын "жакшы эмес идея" деп атап, сокку уруп жаткан өлкөнү кийинки кесепети туурасында айтып, коркуткан. Тагыраагы, Трамп эгерде Анкара күрддөргө кол салса, Түркиянын экономикасын "талкалай" турганын кайрадан кайталап айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0