Ажатканага телефонду көтөрө кирүү кайсы ооруну чакырары айтылды

© AP Photo / Felipe DanaПротест против загрязнения воды в Рио-де-Жанейро
Протест против загрязнения воды в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылма иликтөөлөргө таянып, британиялыктардын 57 пайызы ажатканага телефонун көп учурда ала кирерин айтты. Ал эми сегиз пайызы муну адат кылып алышкан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Дарыгерлер ажатканада отурганда смартфон колдонуунун кооптуулугу туурасында айтып, коомчулукка коңгуроо какты. Бул туурасында The Sun басылмасы билдирди. 

Адистер кээ бир адамдардын туалетте жөн отурганга караганда, смартфон кармап отурган учуру көбүрөөк экендигин айтышты. Бул заңдай турган жактын веналарын кеңейтип жиберип, адамды геморрой кылышы мүмкүн дешти. Андыктан аталган дарттан алыс болуунун дагы бир жолу ажатканага телефонсуз кирүү деген кеңеш беришти.

Телефондун камерасына тартып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Смартфондун мээни алсыратып чарчаткан терс жагы айтылды. Иликтөө
Дарыгер Сара Жарвис геморрой көйгөйү Британияда кеңири тарагандыгын, бирок жабыр тарткандар аны ачык айта бербестигин билдирди. Анын маалыматына караганда, ар бир төртүнчү британиялыктын ичи катып, кыйналат.

Жарвис мурда кээ бир адамдар туалетке китеп ала кирсе, аны азыркы заманда кол телефондор алмаштырып калгандыгын билдирди. Дарыгер катары телефонду өчүрүп же башка бөлмөгө калтыра кетүүгө кеңеш берди.

Доктор Лиза Акерли ушул эле басылмага заара кылган жайга телефонун ала кирсе, микроб менен "камсыз" болорун баса белгиледи. Дарыгер мындай эскертүү адамдарга дайыма эле таасир бербестигин айтып, бир нече кеңешин берген. Оң колу менен кыймылдагандарга телефонду сол колу менен кармап, колун жууганга чейин алмаштырып кармалай бербөөнү эскертти. Мында микроб смартфонго аз жабышышы (андан ары адамдын организмине) мүмкүн.

Басылма иликтөөлөргө таянып, британиялыктардын 57 пайызы ажатканага телефонун көп учурда ала кирерин айтты. Ал эми сегиз пайызы муну адат кылып алышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0