Россиялык актриса Заворотнюк Германиядан башына оор операция жасаткан

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүПремьера фильма "Дед Мороз. Битва магов"
Премьера фильма Дед Мороз. Битва магов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Продюсер Андрей Разин актриса мээ шишигине кабылганын айтып, бирок мындай маалыматты кайдан алганын тактаган эмес. Заворотнюктун өкүлдөрү бул боюнча үн ката элек.

БИШКЕК, 18-cен. — Sputnik. Россиялык актриса Анастасия Заворотнюк Германияда дарыланып жатканда баш сөөгүнө трепанация (сөөктү тешип операция жасоо — ред.) жасалганын РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын июнь айында актрисанын кан басымы кескин жогорулап кеткендиктен, жакындары Тез жардам кызматын чакырышкан. Ал дарыгерлер келгенге чейин эсине келип, аларга диагнозу коюлган немис тилиндеги медициналык документти берген.

Сириянын лидери Башар Асаддын жубайы Асма Асад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирия президентинин жубайы Асма Асаддын рактан айыкканы айтылды
Медиктер аны карап жатып башында трепанациянын издери көп экендигин байкашкан. Немис доктурлары шишикке жеткенге чейин аракет жасашканы айтылат. Операциядан кийин актрисанын кан басымы көтөрүлүп, өзүн жаман сезгендиктен үйүнө кайткан.

Августтун башында ЖМКлар Заворотнюк олуттуу илдетке чалдыкканын жазып башташкан. Көп өтпөй ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганы кабарланган.

Продюсер Андрей Разин актриса мээ шишигине кабылганын айтып, бирок мындай маалыматты кайдан алганын тактаган эмес. Заворотнюктун өкүлдөрү бул боюнча үн ката элек.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0