13:59 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Спортчу. Архив

Кичүү эркектер артыман калбайт. 63 жаштагы чоң эне жаштык сыры менен бөлүштү

© AFP 2019 / PATRICK BAZ
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
8052 0 0

Лесли Максвелл 48 жашында кесибин өзгөртүп, спортко өтүп кеткен.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Мельбурн (Австралия) шаарынын тургуну Лесли Максвелл 63 жашка чыгып, үч неберенин чоң энеси болгонуна карабай, дагы деле жапжаш көрүнүп, өзүнөн кичүү эркектердин көңүл чордонунда болуп келет. Ал жаштык жана сулуулук сырларын Daily Mail басылмасына айтып берди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Lesley Maxwell (@lesleymaxwell.fitness)

Көрсө анын негизги куралы спорт экен. Мурда башка кесипти аркалап келген аял 48 жашында кесипкөй спортчу болууну чечип, фитнес-машыктыруучу дипломуна ээ болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Lesley Maxwell (@lesleymaxwell.fitness)

"Жумасына беш күн бир сааттан спортзалда машыгам. Өзүм үчүн атайын режим түзүп алгам. Мага азыркы жашоо образым майдай жагат. Өзүмдү жаш кезимдегиге караганда алда канча бактылуу сезем. Эң кызыгы, бир топ жаш кичүү эркектер арасында мага көз артып, сөз айткандар кыйла көбөйдү", — дейт Максвелл.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Lesley Maxwell (@lesleymaxwell.fitness)

Үч неберенин чоң энеси өзүнө гана кам көрбөстөн, башкаларга дагы туура тамактануу, жаштыкты сактоо боюнча кеңештерди берип келет. Анын эң негизги эрежеси — организмди ичимдик, чылым, тез татым сыяктуу зыянкечтерден сактоо. Андан кийин гана витаминге бай тамак-аш жана машыгуулар турат.

Тема боюнча

Өзүм теңдүүлөр апама кызыгып... Эне-баланын сүрөтү соцтармакты дүң кылды
Кызы менен тең болуп... 49 жаштагы кытайлык актрисанын укмуштуудай сүрөтү
Белгилер:
жаштык, Спорт, аял, Австралия

ЭҢ МААНИЛҮҮ