16:28 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Хиджаб кийген мусулман кыз Халима Аден

Хиджаб кийген мусулман кыз топ-моделдердин катарын толуктады. Сүрөт

© AP Photo / Lefteris Pitarakis
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
880 0 0

Халим жети жыл Африкадагы качкындар лагеринде жашаган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 21 жаштагы Халим Аден хиджаб кийген алгачкы модель болгонун Sports Illustrated басылмасы жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Halima (@halima)

Халима коомдук жайларда хиджабын такыр чечпейт. Купальниктер боюнча белгилүү Sports Illustrated Swimsuit журналынын башкы бетине чыккан сүрөткө да буркини кийими менен түшкөн. Халима журналдын тарыхында денесин көрсөтүп сүрөткө түшпөгөн алгачкы модель болуп калды. Ал үчүн атайын бир нече купальник тигилген.

Модель кыз Кенияда төрөлүп, Сомалидеги качкындар лагеринде жети жыл жашаган. Андан кийин үй-бүлөсү АКШга эмигрант болуп келишкен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Halima (@halima)

Учурда Халима анын жашоосундагы эң бактылуу күндөрдү өткөрүп жатканын айтат. Себеби ал жакырчылыктан кутулуп, өз алдынча ийгиликтерди жаратууда.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Halima (@halima)

Ал мусулман модель кыздарынын сүрөттөрүнүн журнал бетине чыгышы шариаттын талабы менен жашаган аялдарга жаңы жолду көрсөтүүдө жардам болот деп ишенет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Halima (@halima)

Халиманын эки жыл мурда жылдызы жана баштаган. 19 жашында "Миннесота сулуусу" конкурсуна катышкан. Бирок ал хиджабын чечпестен эле жарым финалга чейин жеткен. Андан кийин кызга көптөгөн модель агенттиктери көңүл бура баштаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Halima (@halima)

Канье Уэст Халиманы Нью-Йорктогу мода жумалыгына чакырган.

Тема боюнча

Кыргызстандын сулуу келини Казакстандагы конкурста жеңүүчү болду. Сүрөт
Кыргызстандык кымча бел Miss Eurasia — 2019 конкурсуна катышты. Сүрөт
Кыргызстандык кыз дүйнө студенттеринин арасындагы сынакта жеңүүчү болду
Белгилер:
сулуулук сынагы, журнал, модель

ЭҢ МААНИЛҮҮ