Зеленский Киевдин мэри Кличкону "нокаутка" кетирмей болду

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүВыборы на Украине
Выборы на Украине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кличко 2014-жылдан бери шаарды башкарып келген.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев шаарынын мэри Виталий Кличкону отставкага кетирүүгө камынууда. Бул туурасында Sputnik. Ближнее зарубежье Telegram-каналы кабарлады.

Украинанын лидери өкмөттөн тиешелүү сунуштама даярдоону суранган.

Чык эшикке! Зеленский жыйындан аткаминерди кууп чыккан видео - Sputnik Кыргызстан
Чык эшикке! Зеленский жыйындан аткаминерди кууп чыккан видео
Буга чейин украиналык ЖМКлар Мамлекеттик иликтөө бюросу Киевдин мэрин жер тилкелерине байланышкан иш боюнча суракка чакырганын жазышкан.

Виталий Кличко Украинанын борбор калаасынын башчылыгына 2014-жылы дайындалган. Ал мурда боксчу болгон, кикбоксинг менен да алектенген. Бокс боюнча дүйнөнүн жана Европанын чемпиону. 2013-жылы спорттук карьерасын жыйынтыктаган. Бир тууган иниси Владимир Кличко да бокс боюнча дүйнө чемпиондугун багындырган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0