08:28 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Британиянын АКШдагы элчиси Ким Дэррок. Архивдик сүрөт

Британиянын АКШдагы элчисинин жазышкан каттары элге жайылып, ал кызматтан кетти

© AFP 2019 / ALEX WONG
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
150 0 0

Мурдагы элчинин конфиденциалдуу электрондук каты жекшемби күнү Mail on Sunday басылмасына жарыяланган. Дэррок анда Трампка жана анын администрациясына бир нече сындарды айткан.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Британиянын АКШдагы элчиси Ким Дэррок Дональд Трамптын администрациясын сындаган каттары ачыкка чыгып кеткен жаңжалдын айынан кызматтан кетип жатат. Бул тууралуу BBC телеканалы билдирди.

Дональд Трамп 9-июлда Twitter баракчасына Дэррокту "акылдан адашкан элчи" деп жазып, аны менен мындан ары иштеше албай тураганын билдирген.

Өз кезегинде мурдагы элчи Дэррок анын айланасында айтылгандар бурмаланып жатканын белгиледи.

"Элчиликтеги расмий документтерден чыгып кеткен маалыматтардан кийин менин кызмат ордум боюнча бир топ бурмалоолор болду. Мындай нерсеге чекит коюш керек. Түзүлүп калган кырдаалдан улам мен өзүм каалагандай ишимди аткара албайм", — деди Дэррок.

Ал ошондой эле жыл аягына чейин иштеши керектигин, бирок Британия өкмөтүнүн АКШга жаңы элчи дайындоосуна мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгиледи. Дэррок катын Британиянын тышкы иштер министринин туруктуу орун басары Саймон Макдональдга жиберген. Өз кезегинде ал элчинин катын кабыл алып, кызматынан бошоткон.

Мурдагы элчинин конфиденциалдуу электрондук каты жекшемби күнү Mail on Sunday басылмасына жарыяланган. Дэррок анда Трамты жана анын администрациясына бир нече сындарды айткан. Катта элчи Ак үйдүн жүргүзүп жаткан саясатын олдоксон жана орунсуз деп сыпаттаган.

2017-жылы жазылган электрондук катта Ак үйдөгү "башаламандык" негизинен тастыкталганы, ал эми АКШнын Иран боюнча саясаты чалды-куйду экени жазылган.

Британиянын өкмөтү элчинин катынын үчүнчү жактарга чыгып кетиши күтүлбөгөн окуя болгонун, бирок Лондон менен Вашингтон мурдагыдай эле кызматташа берерин белгилеген.

Тема боюнча

Жашыруун маалыматты ачыктап салган. Эдил Байсалов тууралуу 6 факт
Белгилер:
элчи, кат, Дональд Трамп, АКШ, Улуу Британия

ЭҢ МААНИЛҮҮ