Брейк-данс менен скейтбординг Олимпиаданын программасына кирмей болду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОтдых в Крыму
Отдых в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программага сёрфинг менен аскага чыгуу дагы киргизилмекчи.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын программасына брейк-данс, скейтбординг, аскага чыгуу жана сёрфинг киргизилет. Мындай чечим Эл аралык Олимпиада комитетинин жыйынында кабыл алынганы уюмдун расмий сайтына жарыяланды. 

​Уюмдун президенти Томас Бахтын айтымында, спорттун бул төрт түрү олимпиада кыймылын өнүктүрүү программасына туура келет.

Жаңы спорттун түрлөрүн программага киргизүү жана квоталарды бөлүштүрүү маселеси уюмдун 2020-жылдын декабрь айындагы жыйынында каралып, расмий чечим чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0