Блогер Путинге суроо берип, шаурмасын жарнамалап жетишти. Видео

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүБлогер Амиран Сардаров. Архив
Блогер Амиран Сардаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Блогер миллиондогон көрүүчүлөрдү жана президентти шаурмадан даам татып кетүүгө чакырды.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путинге онлайн суроо берип жатып блогер Амиран Сардаров шаурмасын жарнамалап алганга жетишти. Бул Путиндин калк менен болгон түз байланыш учурунда болду.

Трансляция прямой линии с президентом России Владимиром Путиным - Sputnik Кыргызстан
Путин кайсы учурда өзүн күнөөлүү сезерин айтып берди
Алып баруучу анын интернет айдыңындагы аккаунтунда бир миллиондон ашык жазылуучусу бар экендигин айтып, блогерге собол узатууга мүмкүнчүлүк берген.

Блогер бул туруктуу рунеттин күнгөйү жана тескейи туурасында кеп кылып, кээ бир фактыларды келтирип, пикирин да сураган.

Ал соболунун экинчи бөлүмүнө дароо өтүп, анын шаурмалары Москвада эң сонун тамактардан экендигин айтып, даамын татып кетүүгө президентти жана жалпы элди чакырган.

Блогер ал видеону өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына да жайгаштырган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Амиран Сардаров (@amiran495)

Бул студиядагылар менен президенттин да күлкүсүн жаратты.

"Азамат, товарын учурдан пайдаланып рекламалап алды, туура кылды", — деди жылмайган Путин.

Түз байланышта Путин россиялыктардын суроолоруна жооп берип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0