16:29 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Чемпиондор лигасынын финалдык оюнунда талаага жарым жылаңач чуркап чыккан модель Кинси Волански

Футбол талаасына жарым жалаңач чуркап чыккан моделге 15 миң евро айып салынды

© AP Photo / Manu Fernandez
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
234 0 0

Модель биринчи таймда талаага чуркап чыга калып, "Ливерпуль" менен "Тоттенхэмдин" оюнун үзгүлтүккө учураткан.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Европа футбол ассоциацияларынын бирикмеси (УЕФА) Чемпиондор лигасынын финалдык оюнунда талаага жарым жылаңач чуркап чыккан модель Кинси Воланскини 15 миң евро айыпка жыкты. Бул тууралуу Marca басылмасы жазды.

Моделге талаага чуркап чыкканы үчүн беш миң евро жана сүйлөшкөн жигитинин YouTube каналын жарнамалаганы үчүн 10 миң евро айып салынды.

1-июнда өткөн Чемпиондор лигасынын финалында "Ливерпуль" менен "Тоттенхэм" кездешкен. 1-тайм Воланскинин айынан үзгүлтүккө учураган. Аны дароо кармашып, оюн талаасынан алып кетишкен.

Бул окуядан кийин модель белгилүү болуп кеткен. Ал тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып, Instagram баракчасындагы 300 миң катталуучунун саны 2,5 миллионго өскөн.

Модель ошондой эле сүйлөшкөн жигити Здоровецкийдин YouTube каналы менен блогунун рейтингин көтөргөн. Apex Marketing Group маркетингди изилдөөчү компаниянын изилдөөсүнө караганда, пранкердин сайты эми жарнаманын арты менен 3,5 миллион евро табышы мүмкүн.

Тема боюнча

Жарым жылаңач чуркап чыгып... Instagram моделдин аккаунтун блоктоп салды
Белгилер:
модель, Чемпиондор лигасы, футбол

ЭҢ МААНИЛҮҮ