Зеленскийдин инаугурациясына чакырылгандардын тизмеси

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский. Архив
Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленскийдин тактыга отуруу аземи 20-майда өтөт.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жакында өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Владимир Зеленскийдин инаугурациясы 20-майда өтөт. Ал Жогорку Радада (Украинанын парламенти) ант берет. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия жазды.

Зеленский инаугурациясы дем алыш күндөргө эмес дүйшөмбү күнгө туш келип калганы үчүн элден кечирим сураган.

Владимир Зеленский жубайы Елена менен - Sputnik Кыргызстан
Украинанын 41 жаштагы болочок биринчи айымы. Елена Зеленская жөнүндө фактылар
Маалыматка ылайык, инаугурацияга беш мамлекеттин президенттери келет. Алар: Латвия, Литва, Эстония, Грузия жана Венгрия. Андан сырткары, Түркиянын вице-президенти, Молдованын премьер-министри, Белоруссиянын, Румыниянын, Словакиянын, Болгариянын вице-премьерлери, АКШнын энергетика министри, Франциянын Европа маселелери боюнча министри, Польшанын тышкы иштер министри жана башкалар болуп, 40тан ашык жогорку даражалуу коноктор чакырылган.

Зеленскийдин инаугурациясына арналган кече болбойт, анын ордуна расмий салтанат гана өтөт. Жаңы президент Мариин паркынан чыккандан кийин өзүнүн жумуш ордуна жөө барып, дароо кызматка киришет.

Белгилей кетсек, 31-мартта Украинада президенттик шайлоонун биринчи туру болуп, мамлекет башчысы болууга 39 талапкер ат салышкан. Экинчи турга Украинанын азыркы президенти Петр Порошенко менен биринчи турдун лидери Владимир Зеленский өткөн. Президенттик шайлоонун экинчи туру 21-апрелде болуп, анда Владимир Зеленский шайлоочулардын 73,22 пайыз добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми Порошенко шайлоодо утулганын моюнга алган.

Зеленскийди жеңиши менен президент Сооронбай Жээнбеков да куттуктаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0