04:28 26 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Жеңил атлетика. Архивдик сүрөт

Эки колун созуп, үстөмөндөп жыгылды. Спортчунун жеңишин талашкан видеосу

© Sputnik / Алексей Филиппов
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
415 0 0

Мындай окуя 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында да болгон.

Америкалык жеңил атлет Инфинит Таккер 400 метрлик аралыкка чуркап, колунан жеңишти башкаларга жулдуруп жиберерде үстөмөндөп жыгылып, утуп алды. Бул туурасында видеону америкалык спортчу Аарон Эрнест Twitter баракчасына жайгаштырды.

Окуя АКШнын Фейетвилл шаарындагы SEC Outdoor Track & Field Championships деп аталган 400 метрлик турнирде болгон. Спортчу бул аралыкты 49,38 секундада чуркап өттү.

Инфинит Таккер аталган аралыкты атаандашсыз басып өтүп, акыркы метрлерде дагы бир америкалык Роберт Грант дээрлик ага жетип калган. Абалды жөндөш үчүн Таккер эки колун алдыга созуп, үстөмөндөп жыгылып, финишке жетип жыгылып, жеңишин жулдурбай кармап калган. Аны интернеттегилер "супермендин секириги" деп аташты.

Мындай окуя 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында болгон. Аялдар арасында 400 метрге чуркоодо Багам аралынан чыккан Шона Миллер-Уйбо дал ушинтип секирип, алтын медалын өзүнө алып калган. Себеби анын артынан такымдап келе жаткан америкалык Эллисон Феликс жеңишти алып кетери анык эле.

Тема боюнча

Мотоцикл айдап бараткан кызды уй секирип келип тоголото тепти. Видео
Стриптиз бийчисинин туфлисин кийген кыз төрт бүктөлүп калды. Видео
Белгилер:
спортчу, Америка, жеңил атлетика

ЭҢ МААНИЛҮҮ