Апаппак! Сейрек кездешкен бугуну жолоочу сүрөткө тартып алган

© AP Photo / David DupreyБелый олень
Белый олень  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биолог Эшли Отенриеттин айтымында, дүйнөдөгү сейрек кездешкен мындай жаныбарларды санап чыгуу кыйынга турат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Америкадагы Мичиган штатынын жашоочусу сейрек кездешкен аппак бугуну сүрөткө тартып алгандыгын Livingston Daily жазды.

Ливингстон округундагы Брайтон аймагында үйүн көздөй бара жаткан Рассел Реом укмуштуудай жакшынакай жаныбарды кездештирген. Ал смартфонун ала коюп, жолду кесе так секирип өтүп бара жаткан жаныбарды сүрөткө тартып алганга жетишкен.

"Жолдон ушунчалык туура эмес өтүп баратканын көрүп, ага сөзсүз түрдө айып пул салышы керек эле деген ой кетти", — деп сүрөтүнүн алдында тамашалап жазып жарыялаган.

Жүрөктү жылыткан көрүнүш. Сууга чөгүп бара жаткан чаарчыкты ит куткарып калды - Sputnik Кыргызстан
Жүрөктү жылыткан көрүнүш. Сууга чөгүп бара жаткан чаарчыкты ит куткарып калды
Биолог Эшли Отенриеттин айтымында, дүйнөдөгү сейрек кездешкен мындай жаныбарларды санап чыгуу кыйынга турат.

"Алар өтө аз болгондуктан, канча экендигин айта да албайсың. Абдан сейрек кездешет", — деген окумуштуу.

Буга чейин интернетке норвегиялык саякатчы жана фотограф Мадс Нордсвин болуп көрбөгөндөй жакшынакай жаныбардын сүрөтүн тартып алганы жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0