Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту жабылып, жаңысы толук ишке кирди. Видео

© REUTERS / UMIT BEKTASТүркиянын Стамбул шаарына жаңы салынган "Стамбул" аэропорту 7-апрелден тарта толук ишке кирди
Түркиянын Стамбул шаарына жаңы салынган Стамбул аэропорту 7-апрелден тарта толук ишке кирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми бардык каттамдар жаңы "Стамбул" аэропортунан аткарылат.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарына жаңы салынган "Стамбул" аэропорту 7-апрелден тарта толук ишке киргенин Hurriyet басылмасы жазды.

© REUTERS / UMIT BEKTASПассажиры фотографируют в новом городском аэропорту Стамбула в Стамбуле, Турция, 6 апреля 2019 года
Түркиянын Стамбул шаарына жаңы салынган Стамбул аэропорту 7-апрелден тарта толук ишке киргенин Hurriyet басылмасы жазды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Түркиянын Стамбул шаарына жаңы салынган "Стамбул" аэропорту 7-апрелден тарта толук ишке киргенин Hurriyet басылмасы жазды
© REUTERS / UMIT BEKTASПассажиры ждут паспортного контроля в новом городском аэропорту Стамбула в Стамбуле, Турция, 6 апреля 2019 года
Түрк аба жолдору авиакомпаниясынын директору Билал Экшинин жергиликтүү ЖМКларга берген маалыматы боюнча Стамбулдагы Ататүрк аэропорту 7-апрелден тарта жабылды - Sputnik Кыргызстан
2/3
"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын директору Билал Экшинин жергиликтүү ЖМКларга берген маалыматы боюнча Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту 7-апрелден тарта жабылды
© REUTERS / UMIT BEKTASРегистрация людей в новом городском аэропорту Стамбула в Стамбуле, Турция, 6 апреля 2019 года
​Билал Экши ошондой эле 7-апрелден тарта бардык багыттар боюнча каттамдар жаңы аэропорттон ишке ашырыларын билдирди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
​Билал Экши ошондой эле 7-апрелден тарта бардык багыттар боюнча каттамдар жаңы аэропорттон ишке ашырыларын билдирди.
1/3
Түркиянын Стамбул шаарына жаңы салынган "Стамбул" аэропорту 7-апрелден тарта толук ишке киргенин Hurriyet басылмасы жазды
2/3
"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын директору Билал Экшинин жергиликтүү ЖМКларга берген маалыматы боюнча Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту 7-апрелден тарта жабылды
3/3
​Билал Экши ошондой эле 7-апрелден тарта бардык багыттар боюнча каттамдар жаңы аэропорттон ишке ашырыларын билдирди.

"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын директору Билал Экшинин жергиликтүү ЖМКларга берген маалыматы боюнча Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту 7-апрелден тарта жабылды.

​Билал Экши ошондой эле 7-апрелден тарта бардык багыттар боюнча каттамдар жаңы аэропорттон ишке ашырыларын билдирди.

Мужчина без гражданства по имени Арлен Хадаа  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга кире да, чыга да албайт. "Манас" аэропортунда жашап жаткан жигит
"Ататүрк" аэропортунан Стамбул аэропортуна болгон акыркы көчүү 6-апрелде жыйынтыкталган.

"Стамбул" аэропорту расмий түрдө 2018-жылы 29-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан ачылган. Аэропортко 500 учак, 70 миңден ашык автоунаа батат. Андан сырткары, аэропорт жылына 200 миллион жүргүнчүнү тейлей алат.

Аэропорттун курулуш иштери 2023-жылы толук аяктаганда күнүнө 2 миң учакты кабыл ала баштайт.

Ал эми "Ататүрк" аэропорту 1953-жылы эл аралык учуп-конууларды кабыл ала баштаган. 1985-жылы 29-июлда "Ататүрк" аты берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0