Төрөрүнө 45 мүнөт калганда кош бойлуу экенин билип... Англиядагы окуя

© AP Photo / Felipe DanaРаспространение микроцефалии в Бразилии
Распространение микроцефалии в Бразилии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечинде жакшынакай эле жаткан келин түн ортосунда ич оорудан ойгонуп, бир нерсе кыймылдап жатканын сезген.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Глазгонун (Улуу Британия) тургуну 18 жаштагы Эммалуиз Легтейт кош бойлуу экенин көз жарарына 45 мүнөт калганда билген. Бул тууралуу The Mirror жазды.

Маалыматта Легтейт бир нече ай мурда тун баласын жарыкка алып келип, бойго бүтүрбөөчү дары-дармек ичип келгени айтылат.

"Эммалуиз толуп кеткенин, бирок ичи мурункудай эле болгонун айтып берген. Кош бойлуулуктун белгилери да байкалган эмес", — деп айтылат макалада.

Кечинде жакшынакай эле жаткан келин түн ортосунда ич оорудан ойгонуп, бир нерсе кыймылдап жатканын сезген. Андан кийин чоң энеси экөө ооруканага жөнөшкөн. Легтейт медициналык жайдын унаа токтотуучу жайында дени сак кызды жарыкка алып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0