02:04 05 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
821 0 0

Вячеслав Дацик беттеш бирма эрежеси менен болорун жар салды.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Чырга жакын, улутчул спортчу, MMA мушкери Вячеслав Дацик беттеште Александр Емельяненконун "башын жаруу" тилеги бар экендигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Дацик 26-февралда эркиндикке чыккан. Ал "сойкулардын жылаңач жүрүшү" деп аталган иш боюнча жазага тартылган. Дацик Санкт-Петербургда борделдин кардарлары менен кызматкерлерин көчөгө жылаңач басууга мажбур кылган. Эми ал Емельяненко менен беттешээрин айтты.

"Мушташып түрмөгө түшүп калбаш үчүн мамилебизди спорттук мелдештин алкагында чечебиз. Биздин чатагыбыз 10 жылга чукул убакыттан бери келе жатат. Качан мушташып, кимиси жеңээр экен деп бүт өлкө күтүп жүрөт. Бери дегенде эле анын башын жарам", — деген ал.

Вячеслав Дацик беттеш бирма эрежеси менен болорун жар салды.

Беттеш калысы жок эле, тегеректеген топтун ортосунда болорун айткан. Эстен танганча мушташабыз деп кошумчалаган.

2016-жылы Дацик Красноярск аймагындагы абактан чыккан. Ал Петербургдагы телефон аппараттарын саткан жайга каракчылык кылганы үчүн отурган. 2007-жылы акыл-эси жайында эместердин ооруканасына жаткырылып, бирок спортчу 2010-жылы качып кеткенге үлгүргөн. Кайсы бир жолдор менен (Осло) Норвегиядагы иммиграциялык конторага барганга, аталган өлкөдөн башпаанек сураганган жетишкен. Ал жердегилер жанына тапанча алып жүргөн Дацикти полицияга салып берген.

Бул билдирүүдөн кийин  Александр Емельяненко теле эфирде Дацикти жазалоого жеке өзү даяр экендигин айткан.  Андан соң Вячеслав Емельяненкого кайрылып, "мени издештин кереги жок,  сени өзүм таап алам" деп жооп кайтарган.

Тема боюнча

Мушкер Барчынай Узгенбаева Россиядагы сулуулук сынагына катышууда. Сүрөттөр
Белгилер:
Александр Емельяненко, беттешүү

ЭҢ МААНИЛҮҮ