Фастфуд менен психикалык оорунун байланышы бар экени аныкталды

Жазылуу
Эксперимент учурунда окумуштуулар 2005-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта телефон аркылуу 240 миң киши арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. АКШнын Лома-Линда университетинин окумуштуулары тез татым тамактары менен психикалык оорунун ортосунда байланыш бар экенин аныкташты. Анализдин жыйынтыгы International Journal of Food Sciences and Nutrition журналына жарыяланып, изилдөө учурунда белгилүү болгон айрым фактылар MedicalXpress порталына да басылып чыккан.

Адистердин айтымында, тез татым тамактарын такай жеген кишилер психикалык илдеттерге чалдыкканын көп айтышкан.

Кулинарная экобитва Сыроеды против вегетарианцев - Sputnik Кыргызстан
Ичеги-карындын иштешин эмне бузары айтылды. Иликтөө
Эксперимент учурунда окумуштуулар Калифорниядагы калктын саламаттыгын изилдөө иштеринин алкагында 2005-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта телефон аркылуу 240 миң кишини сурамжылап чыгышкан.

Ага катышкандардын дээрлик 17 пайызы психикалык дартка чалдыккан деген жыйынтыкка келишкен. 13,2 пайызында дарт орто деңгээлде экенин, ал эми 3,7 пайызы психикалык оорунун оор формасы менен ооруйт деген корутунду чыккан.

Окумуштуулар курамында шекери бар азык-түлүккө басым жасоо биполярдык оору менен, ал эми куурулган жана баштапкы иштетүүдөн өткөн дан азыктарын көп жеген адат депрессияга байланыштуу экенин билдиришүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0