Коррупцияга белчесинен баткан өлкөлөр аталды. Кыргызстан канчанчы орунда

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоррупция в министерстве МВД КР
Коррупция в министерстве МВД КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор Азия чөлкөмүндө эң жакшы жыйынтыкты Казакстан көрсөтүп, жалпысынан 31 упай менен 124-орунга татыган.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Transparency International эл аралык уюму коррупциянын деңгээли боюнча 2018-жыл үчүн чыгарган рейтингде Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 132-орунду ээледи.

Буга чейинки жыйынтыктарга салыштырмалуу Кыргызстан өз көрсөткүчтөрүн үч тепкичке жакшыртып, Мьянма жана Боливия менен бирдей баскычка көтөрүлгөн. Кыргызстан мүмкүн болгон 100 упайдын 29на ээ болгон. Өлкө канчалык көп упай алса коррупциянын деңгээли ошончо аз дегенди түшүндүрөт.

Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Коррупция тууралуу кабарлаган кишилерге эми сый акы берилет
Борбор Азия чөлкөмүндө эң жакшы жыйынтыкты Казакстан көрсөтүп, жалпысынан 31 упай менен 124-орунга татыган. Анткен менен Казакстан эки баскыч төмөн түшкөн. Андан кийинки орунда Кыргызстан болсо, кийинки орунда Тажикстан (25), Өзбекстан (23) жана Түркмөнстан (20) турат.

Ал эми рейтингдин көч башында 88 упай менен Дания турат. Ал 2017-жылдын лидери Жаңы Зеландияны (87) бир упайга ашып кеткен. Андан кийинки орундарда 85 упай менен Финляндия, Сингапур, Швеция жана Швейцария турат.

Өлкөдөгү коррупциянын деңгээли эксперттер менен ишкерлердин сурамжылоосунан кийин түзүлөт жана аны көз карандысыз уюмдар жасайт. Мындай рейтинг 1995-жылдан тарта түзүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0