13:57 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Дары. Архив

Аспиринди күн сайын ичүүнүн пайдасы айтылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
492630

Адистер баш жана моюн рагына чалдыккан жана беш жыл жашайт деген 266 бейтаптын маалыматтарын карап чыккан.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Рак илдетине чалдыккандар аспиринди күн сайын ичсе, алардын жашап кетүү ыктымалдыгы 78 пайызга жогорулай турганын Калифорния университетинин изилдөөчүлөрү аныкташкан. Окумуштуулардын ишинин жыйынтыгы Journal of Experimental Medicine басылмасына жарыяланды.

Окумуштуулар шишикке каршы препараттарды колдонуу менен мутацияга тушуккан PIK3CA гендин ортосундагы мыйзам ченемдүүлүктү аныктоого аракет кылышкан.

Адистер баш жана моюн рагына (аталган органдын отуздан ашык бөлүгүндө шишик пайда болушу ыктымал) чалдыккан жана беш жыл жашайт деген 266 бейтаптын маалыматтарын колдонушкан. 75 кишинин рак илдетинен мутацияга тушуккан PIK3CA гени табылган.

Аспиринди алты ай такай ичип, гени мутация болгон бейтаптардын жашап кетүү шансы 25 пайыздан 78 пайызга чейин жогорулаган.

Адистер мындан ары да дененин башка жерлеринде пайда болгон шишиктерге каршы ушундай изилдөөлөрдү өткөрүүгө ниеттенип жатышат.

Тема боюнча

Кайсы тамактын кишини өлүмгө тез жетелери айтылды. Изилдөө
Узун бойлуу аялдар узак жашайт. Окумуштуулардын аныктамасы
Белгилер:
рак, ден соолук, медицина

ЭҢ МААНИЛҮҮ