20:21 20 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7563
  • EUR79.1281
  • RUB1.0852
Apple компаниянын башчысы Стив Джобс iPhone менен. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда жана ааламда. 9-январда кандай окуялар болгон

© AFP 2019 / TONY AVELAR
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
16710

Бүгүн күнгө шаршемби, 9-январь. Жылдын бүтүшүнө 356 күн калды.

9-январда Кыргызстанда жана ааламда болгон окуялардын маанилүүрөөгүн Sputnik Кыргызстан тизмелеп чыкты. Алардын арасында тагдыры чечилген Абдыкерим Сыдыков, Наполеондун өлүмүнө чейинки учурлар бар.

Кыргызстанда:

  • 1934-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн башында тургандардын бири Абдыкерим Сыдыковго "Социал-Туран" деп аталган улутчул контрреволюциялык уюмдун" жетекчиси деп айып тагылат. Ага күнөөнү толугу менен коюп чыгуу 1934-жылдын ушул күнү жыйынтыкталат;
  • 1968-жылы эл арасына "Сакиш" аты менен таанылган актриса Айнура Турганбаева туулган;
  • 2007-жылы эл аралык "Манас" аэропортунда ал кездеги ЖК депутаты Темир Сариев кармалып, кийинчерээк кое берилген. Анын себеби декларацияланбаган ири суммадагы акчаны алып чыгууга аракет кылды деп айтылган.

Ааламда:

  • 1792-жылы Түркия менен Россиянын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Бул 1787-1791-жылдардагы согуштан кийин болгон;
  • 1799-жылы Улуу Британияда дүйнөдө биринчи ирет киреше салыгы киргизилген;
  • 1951-жылы Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасы ачылган;
  • 2007-жылы Стив Жобс тунгуч iPhone аппаратынын бет ачарын өткөргөн.

Жарык дүйнөгө келгендер:

  • 1913-жылы АКШнын 37-президенти Ричард Никсон туулган. Ал белгилүү Уотергейтс чырынан кийин кызматынан кеткен;
  • 1930 –жылы советтик мыкты футболчулардын бири Игорь Нетто туулган;
  • 1982-жылы Англия ханзаадасы Уильямдын жубайы, Кембридж герцогинясы Кэтрин төрөлгөн. Эл арасында Кейт Миддлтон деген ат менен белгилүү;
  • 1996-жылы Дагестандын Кизляр шаарында террордук акты болуп, согушкерлер төрөт үйү менен оорукананы басып алган.

Көз жумгандар:

  • 1873-жылы Франция императору Наполеон III көз жумган. Аталган датага чейин үч ай мурда тактыдан жылмышкан. Анын өлүмүнүн себеби бөйрөгүнө жасалган операция болгон;
  • 1878-жылы бирдиктүү Италиянын падышасы Виктор Эммануил II көз жумган.

Тема боюнча

Кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Жусуп Абдрахманов тууралуу 9 факты
Белгилер:
окуя, дүйнө, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ