20:14 20 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7563
  • EUR79.1281
  • RUB1.0852
Эркек адамдын колдору. Архив

20 жыл бою башканын балдарын тарбиялап келген миллионер аялын сотко берди

© Sputnik / Алексей Филиппов
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1261 0 0

Ал мурдагы жубайын жалган айтып келгени үчүн 21 миллион 42 миң сомдун тегерегиндеги акчага доого жыгууга камынган.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Британиялык миллионер Ричард Мейсон 21 жыл бою башка бирөөнүн баласын багып, тарбиялап жүргөнү үчүн аялын сотко берди. Бул туурасында РИА Новости The Sun басылмасына шилтеме берип жазды.

MoneySupermarket компаниясынын ээси Ричард Мейсон биринчи аялы менен ажырашып, экинчисине үйлөнгөн. Кийинки никесинде балалуу болбой койгондон кийин дарыгерлерге кайрылып, туулгандан бери эле тукумсуз экендигин билген. Бул окуядан кийин миллионер буга чейин атасымын деп келген үч баласы аныкы эмес экендигин угуп, аялын сотко берген.

Ал мурдагы жубайын жалган айтып келгени үчүн 250 миң фунт стерлинг (21 миллион 42 миң сомдун тегереги) акчага доого жыгууга камынган. Ал эми аял балдардын өз атасын айтуудан баш тартып келет.

Атасынын мындай жоругунан кийин эки баласы катташпай-сүйлөшпөй калган. Ал эми үчүнчүсү мындай окуя атасы тууралуу пикирин өзгөртө албастыгын, мурдагыдай эле жакшы көрөрүн жана сыйларын айтып ыраазылык катын жолдогон.

"Мен дайыма сенин жаныңда болом. Мен үчүн баары бир атамсың", — деп жазган кенже уулу.

Ричард Мейсон MoneySupermarket.com веб-сайтынны ээси. Алар ар кыл товарларды супер маркеттерге салыштырып арзан соодалайт. Ишкердин байлыгы 10 миллион фунт стерлинг (855 миллион сомдон ашыгыраак сумма) деп бааланып келет.

Маалыматта чуунун борборунда калган балдардын улуусу 23, ал эми эки эгиздер 19 жашта экендигин айтылган.

Тема боюнча

Мароккодо 9 баланын атасы тукумсуз экенин билген соң ажырашмай болду
Белгилер:
тукумсуздук, уул, миллионер, Улуу Британия

ЭҢ МААНИЛҮҮ