14:18 09 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7724
  • EUR102.4644
  • RUB1.1435
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Магнитогорскидеги трагедия (9)
238 0 0

Министрдин айтымында, учурда баланын жанында апасы бар. Аны менен психологдор иштеп жатат.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Магнитогорск шаарында кырсыктан кулаган үйдүн урандысынан табылган наристенинин жашоосуна коркунуч жок. Бул туурасында Россиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцованын сөзүнө таянып РИА Новости билдирди. 

"Азыр абалы дагы деле оор, бирок туруктуу. Өткөн түндө дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн абдан көп иш жасашты. Азыр наристенин жашоосуна коркунуч жок", — деди министр.

Скворцованын айтымында, учурда баланын жанында апасы бар. Аны менен психологдор иштеп жатат.

Эске салсак, 31-декабрда Магнитогорскидеги Карл Маркс, 164 дарегинде жайгашкан тогуз кабаттуу үйдө жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4:00дө газ жарылган. Имараттын кире беришинин бири урап түшкөн. Анда 46 киши жашаган 26 батир талкаланган

Ал эми кечээ куткаруучулар урандылардын алдынан 1,5 сутка жаткан баланы таап, сууруп чыгышкан.

Бөбөккө жергиликтүү ооруканада жардам көрсөтүлгөн соң, дароо учак менен Москвадагы Рошаль атындагы Балдар хирургиясы жана травматологиясы боюнча улуттук илим изилдөө институтуна алып келишкен.

Тема:
Магнитогорскидеги трагедия (9)

Тема боюнча

11 айлык бөбөк тирүү табылды! Магнитогорскиде уранды алдынан алып чыгышты
Магнитогорскидеги жоготуу азасын тең бөлүшөбүз. Жээнбеков Путинге көңүл айтты
Каза тапкандардын саны жетиге жетти. Магнитогорскидеги кырсык
Белгилер:
оорукана, ден соолук, наристелер, Магнитогорск, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ