14:40 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Абак. Архив

Түрмөгө 17 жыл жаңылыш отуруп чыккан киши миллионер болду

© AFP 2019 / JOEL SAGET
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
4011 0 0

Окуя АКШда болгон.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. АКШ тургуну Ричард Жонс өң-түсү окшош башка киши жасаган кылмыш үчүн жазаланып, 17 жылын абакта өткөргөнүн CNN жазып чыкты.

​Маалыматка ылайык, эми ал 1,1 миллион доллар өлчөмүндө компенсация алат.

Эркек киши 1999-жылы каракчылыкка айыпталып жоопко тартылган. Жонско куюп койгондой окшош киши унаа токтотуучу жайда турган аялдын колундагы телефонун жула качкан. Аял каракчыга каршылык көрсөтүп жыгылып, бутун жабыркатып алган. Бул денеге залал келтирүү катары бааланып, жаза катаалдаган. Ал эми күбөлөр кылмышкерди узун чачын артка тараган "ак түстүү латын америкалык же афроамерикалык" деп сыпатташкан.

Жонс окуя болгон күнү сүйүктүүсүнүн туулган күнүн белгилеп жүргөн. Аны бир нече киши көргөн. Бирок буга карабастан күбөлөр каракчыны Жонс деп таанып беришкен.

"Натыйжада эркек киши 19 жылга кесилип кеткен. Апелляциялык арыз менен кайрылып, бирок утулуп калган да айласыздан укук коргоочуларга кайрылган. Алар чыныгы кылмышкер — Рики Ли Амосту таап беришкен", — деп айтылат макалада.

Жонсту каракчы деп тааныган күбөлөргө Амостун да сүрөтү көрсөтүлгөн. Алар кылмышкерге Амос көбүрөөк окшош экенин моюндашкан. Бирок убакыт өтүп кеткендиктен аны жоопко тартуу мүмкүн болгон эмес.

Компенсациядан тышкары, Жонс анын күнөөсү жоктугун тастыктаган сертификатка ээ болот. Анын полицияда сакталган ишинин материалдары жана биологиялык маалыматтары жок кылынганы айтылды.

Тема боюнча

Грецияда пол жуугуч аял 22 жыл мурдагы айыбы үчүн 10 жылга кесилип кетти
АКШда жасабаган кылмышы үчүн 27 жыл абакта отурган адам бошотулду. Чоо-жайы
Белгилер:
жаза, каракчылык, түрмө, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ