Белгилүү опера ырчысы Монсеррат Кабалье 85 жашында каза болду

© Фото / PAN Photo / Медиабанкка өтүүБелгилүү опера ырчысы Монсеррат Кабалье. Архив
Белгилүү опера ырчысы Монсеррат Кабалье. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы дүйшөмбү күнү жерге берилет.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Испаниянын Барселона шаарында дүйнөлүк атакка ээ болгон опера ырчысы Монсеррат Кабалье 85 жашында каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги France press басылмасына таянуу менен жазды.

Ага ылайык, ырчы Сан-Пау ооруканасында каза болгон. Ырчы дүйшөмбү күнү жерге берилет.

Vanguardia басылмасы Кабальенин жакындарына таянуу менен ал Барселонадагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканын жазган болчу.

Кабалье Россини, Беллини жана Доницеттинин классикалык операларында роль аткарып жана созолонто ырдаганы менен белгилүү болгон. 1965-жылы ал Гаэтона Доницеттинин операсында каза болуп калган америкалык опера жылдызы Мэрилин Хорндун ордуна ырдап, дүйнөлүк атакка жетишкен.

2012-жылы микроинсульт алганына жана тизесин кокустатып алганына карабай дүйнөнүн бир катар театрларында ырдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0