16:20 25 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
90 0 0

Учурда тийиштүү органдар айыпкерди издеп жатат.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Швейцариянын Биль шаарынын тургуну таштандыны туура эмес ыргытканы үчүн кесилип кетүү алдында турганын РИА Новости агенттиги жазды.

Ага ылайык, 33 жаштагы тургун 2017-жылы ноябрда таштандысын коммуналдык кызматтын расписаниесине туура келбеген күнү сыртка алып чыгып таштаган. Анан калса, таштандыны ал туура эмес желим баштыкка салган.

Бул кылыгы үчүн 33 жаштагы тургунга 150 доллар өлчөмүндө айып салынган. Бирок ал убагында төлөнгөн эмес. Шектүү жаран буга чейин да кумар оюндары жөнүндө мыйзамды бузганы үчүн 6,5 миң швейцариялык франк айыпка жыгылган, аны да учурунда төлөгөн эмес.

Түзүлгөн кырдаалды иликтеген прокуратура кызматкерлери кишиге ири өлчөмдөгү айыбы үчүн 90 күн, таштандыны туура эмес ыргытканы үчүн эки күнгө абакка отуруп чыгууну сунуштаган. Бирок буга да эч кандай жооп берген эмес. Басылманын жазышынча эми ал сөзсүз түрдө абакка отуруп чыгат. Учурда тийиштүү органдар айыпкерди таппай убара болууда.

Тема боюнча

Эркимбаев: акчасын төлөп жатам деп таштандыны көчөгө ыргыткандар бар
Майрамдан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 10 тонна таштанды чыкты
Эркимбаев: таштанды ыргытып, түкүргөндөр 5 миң сомго чейин айып төлөшү керек
Белгилер:
айып пул, абак, сот, таштанды, Швейцария

ЭҢ МААНИЛҮҮ