Көзгө "көрүнбөгөн" унаанын сүрөтү интернет колдонуучуларын кызыл чеке түшүрдү

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАвтомобильное шоу "Автоэкзотика-2009"
Автомобильное шоу Автоэкзотика-2009 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөттүн автору мындай эмгекти жаратууда фотошоп же башка ыкманы колдонбогонун айтып, ишенбегендерге өз алдынча ушундай сүрөт тартып көрүүнү сунуштады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Интернет колдонуучулары арасында "көрүнбөгөн" унаанын сүрөтү чоң талаш жаратты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Аталган сүрөт Reddit сайтына Tittzo аттуу колдонуучу тарабынан жарыяланган.

​Жеңил унаанын ээсинин айтымында, машинаны жакшылап жууп, аны жакын аралыктан сүрөткө тартып алган. Мындан улам күзгүдөй көрүнүш пайда болгон.

Арбакпы? Филлипинде видеого түшүп калган сөлөкөт жүрөктүн үшүн алууда - Sputnik Кыргызстан
Арбакпы? Филлипинде видеого түшүп калган сөлөкөт жүрөктүн үшүн алууда
Сүрөттү биринчи көргөндө машинаны байкоо кыйын. Анда бакчадагы тал-теректер менен жердеги таштар гана көрүнөт. Ал эми жакшылап карай келгенде унаанын карааны менен дөңгөлөгү байкалат.

Айрым интернет колдонуучулар сүрөттөн унааны бир нече мүнөттөн кийин гана байкаган.

Автор мындай эмгекти жаратууда фотошоп же башка ыкманы колдонбогондугун айтып, ишенбегендер өз алдынча ушундай сүрөт тартып көрүүсүн сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0