13:15 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8460
  • EUR77.1205
  • RUB1.0841
Уктап жаткан адам. Архив

Уйкуң канбаса, акыл-эстен эрте ажырашың мүмкүн. Окумуштуулардын аныктамасы

CC BY 2.0 / Quinn Dombrowski / Dreaming of Andy
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
895 0 0

Адистер бул илдетти алдын алуу үчүн уйкуну кандырууну, эгер уйку качуу көйгөйү бар болсо, аны дарылоону сунуштайт.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. АКШнын Жон Хопкинс университетинин окумуштуулары уйкусун кандырбаган адамдарда  Альцгеймер оорусуна чалдыгуу тобокелчилиги үч эсе көп экенин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Окумуштуулар мындай жыйынтыкка 16 жыл бою маал-маалы менен башын томографияга тарттырып, өз ден соолугу тууралуу маалымат берип турган 123 адамды иликтегенден кийин келишкен.

"Күндүз уйкусу келе берген адамдардын көпчүлүгүнүн мээсинде Альцгеймер илдетин чакырган бета-амилоид заты көбүрөөк экени аныкталган. Мындан улам дарыгерлер аталган оору менен жетишсиз уйкунун түздөн-түз байланышы бар деген бүтүмгө келишти", — деп жазылат макалда.

Андыктан адистер бул илдетти алдын алуу үчүн уйкуну кандырууну, эгер уйку качуу көйгөйү бар болсо, аны дарылоону сунуштайт.

Альцгеймер оорусу — эс тутумунун бузулушу, жүрүм-турумунун өзгөрүшү жана  интеллектинин  прогрессивдүү түрдө төмөндөшү менен мүнөздөлгөн борбордук нерв системасынын дегенеративдүү илдети.

Тема боюнча

Окумуштуулар: уйкудан калуу кант диабетин шарттайт
Окумуштуулар балдар канткенде жалаң бешке окуй турганын айтышты
Белгилер:
уйку, Окумуштуулар, Альцгеймер оорусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ