Окуучу балага көбүрөөк эт бергиле! Себебин педиатр түшүндүрдү

© Фото / Elizabeth ZalkindВопрос горячего питания в Новопокровской школе №1
Вопрос горячего питания в Новопокровской школе №1 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис окуу жылынын башталышын утурлай кайсы азык балага абдан зарыл экенин айтып берди.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жаңы окуу жылынын башталышы менен балдарга эттүү тамак берген туура экенин педиатр, Минск шаарындагы балдар ооруканасынын бөлүм башчысы Дмитрий Чеснов Sputnik Беларуссия агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жайкы каникул аяктап, жаңы окуу жылынын башталышы окуучулар, айрыкча кенже класстагы жеткинчектер үчүн өзгөчө учур. Бул маалда баланын күн тартиби толугу менен өзгөрөт.

"Бала эрте туруп, көп окуп, жаңы достор же мугалимдер менен мамиле түзө баштайт. Бул учурда жаш организм стресске кабылышы мүмкүн. Андыктан организмге амин кычкылдыктары зарыл. Аларды мал этинен алса болот", — деди дарыгер.

Адис эскертип кеткендей, амин кычкылдыктары тоок этинде болбойт. Ошондой эле кайра иштетилген этте, мисалы колбасада жок. Балага керектүү заттарды көбүнесе шорпого бышкан уй же кой этинен алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0