Тетири кетмей. Трамп АКШга жетип алып Путинди шайлоого кийлигишкен деп жар салды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүДональд Трамп. Архив
Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дональд Трамп бир нече күн мурда эле Хельсинки шаарында Владимир Путин менен жолуккан.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путиндин Америка лидерин шайлоого кийлигишкен деп эсептерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

"Ооба, ал өлкөнүн башында турат. Мен деле жетекчи катары АКШнын ичинде болуп жаткан ар бир нерсеге өзүмдү жоопкер сезем да.  Анын албетте, өлкөнүн лидери катары аны шайлоого кийлигишкендиги үчүн жоопкер катары эсептейбиз", — деди Трамп CBS каналына маек берип жатып.

Эске салсак, Дональд Трамп бир нече күн мурда эле Хельсинки шаарында Россия президенти Владимир Путин менен биргеликте маалымат жыйынын өткөрүп жатып, бул маселе бир гана Россия эмес, эки тараптын тең күнөөсү бар деп эсептээрин айткан.  Анда Трамп бул жолугушуунун "ачык, майнаптуу жана түз" болгондугун саймедиреген.

Бирок эртеси күнү эле журналисттер менен сүйлөшүп жатып, туура эмес айтып алганын, Россияна АКШдагы шайлоого кийлигишкен деп эсептээрин жар салган.

"Россиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсү  боюнча иликтөөлөрдү атайын прокурор Роберто Мюллер жана Конгресс жүргүзүп, бирок бир жылдан бери далил таппай келет", —  деп айтылат РИА Новости агенттигинин макаласында.

Буга чейин орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков менен тышкы иштер министри Сергей Лавров "Россия катыштыгы" боюнча бир дагы фактылар табылбай келгенин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0