Сууга секирген аял баласын крокодилдин оозунан жулуп алды

© AFP / TORSTEN BLACKWOODКрокодил. Архив
Крокодил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
37 жаштагы энеси жээкке чуркап келгенде бала 15 метрдей алыстап кеткен.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Индонезиянын Чыгыш Танжунг-Жабунг аймагында аял крокодил тиштеп кетип баратканда баласын сактап калды. Бул окуя туурасында coconuts.co сайтына таянып жазган. 

Жырткыч 11 жаштагы Яди Путру суунун жээгинде келгенде кол салган. Баланы бутунан тиштеп, сууну көздөй жөнөгөндө аял кыйкырык-чууну угуп чуркап жеткен.

37 жаштагы энеси жээкке жакындаганда бала 15 метрдей алыстап кеткен. Аял токтоосуз сууга секирип, крокодилге жакындаган.

"Жакын сүзүп барганда жырткыч тиштип бараткан уулумду кое берип жиберди. Мени ал жерде башка крокодилдер бар-жогу, алар кайра кол салабы деген нерсе ойлондурган жок. Баланы сакташым керек деген ой мээмде турду", — деп айтып берген энеси.

Канжалаган өспүрүмдү ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер баланын крокодил сүйрөй качкан сол буту көбүрөөк жабыркаганын айтышкан.

Буга чейин интернетте иттин крокодилди сууга киргизе кууганы видеого түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0