02:40 22 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Дамаскта Сириянын желеги. Архивдик сүрөт

Путин РФге Сирияда терроризм менен күрөшүүдө кайсы өлкөлөр жардам бергенин айтты

© Sputnik / Михаил Воскресенский
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
308 0 0

Путин башка мамлекеттердеги терроризм менен дагы күрөшүү керектигин айтты.

ЦИНДАО, 10-июн. — Sputnik. Сирияда терроризм менен күрөшүүдө жакшы жыйынтыктар болгонун Россиянын президенти Владимир Путин Шаңхай кызматташтыгы уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин жалпы жыйынында айтты.

"Сириядагы терроризм менен күрөшүүдө олуттуу жыйынтыктарга жетишилди. Россиянын, Сириянын, Ирандын, Түркиянын бийлигинин жана башка өнөктөштөрдүн, анын ичинде Казакстандын биргелешкен аракеттери менен террордук активдүүлүк бир кыйла алсызданды", — деди ал.

Путин Сириянын бийлиги калктын 90 пайызы жашаган аймакты көзөмөлдөп турганын, ошол эле учурда Афганистанда дагы терроризм жана баңгизатын сатууга каршы күрөшүү керектигин айтты.

"Афганистанга улуттук элдешүү ишинде, экономикалык жанданууга жана туруктуулукту камсыз кылууда жардам берүү керек", — деди Россиянын президенти.

Путин ошондой эле терроризм менен күрөшүү ШКУнун артыкчылык берилген багыты болушу керектигин баса белгиледи. Анын ичинде ыкчам маалыматтар менен алмашуу жана терроризмге каршы күрөшүүдө биргелешкен машыгуулар такай болуп турушу керектигин айтты.

Кытайдын Циндао шаарыда 9-10-июнда ШКУ мамлекеттер башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анда ШКУнун мындан ары саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык, коопсуздук жана тышкы байланыш жаатында өнүгүшү тууралуу бир катар маселелер талкууланып, чечимдер кабыл алынат. Быйыл Кытайдын ШКУ мамлекеттер башчыларынын кеңешинин жыйынына төрагылык кылуусу аяктап, 2018-2019-жылдары төрагалык кылуу укугу Кыргызстанга берилет.

Тема боюнча

"Жолдош Путиндин ден соолугу кандай?". Ким Чен Ындын Лавров менен жолуккан видеосу
Путин болуп көрбөгөндөй кризисти жаратуучу негиздерди атады
Белгилер:
терроризм, Сирия, Россия, Кытай
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ