Трамп Кардашьян менен "абдан сонун" жолугушуу өткөрдү. Эмнени талкуулашты?

© AP Photo / Lionel CironneauРеалити-шоунун жылдызы Ким Кардашьян. Архив
Реалити-шоунун жылдызы Ким Кардашьян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын лидери Кардашьян менен түшкөн сүрөтүн Twitter баракчасына жүктөгөн.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп реалити-шоунун жылдызы Ким Кардашьян менен жолукканын РИА Новости жазып чыкты.

Американын лидери Кардашьян менен түшкөн сүрөтүн Twitter баракчасына да жүктөгөн.

​"Бүгүн Ким Кардашьян менен абдан сонун жолугушуу болду. Абак жайларындагы реформа жана чыгарылган өкүмдөр боюнча сүйлөштүк", — деп Трамп Twitter баракчасына жазган.

Буга чейин баңгизат ташуу боюнча кармалып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган 62 жаштагы Элис-Мари Женсонго ырайым кылуу маселесин талкуулоо боюнча Кардашьян Трамп менен жолуга турганы айтылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0