Окумуштуулар кечкисин компьютерди үңүлө тиктебеш керектигин айтышты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүНоутбук колдонуп жаткан адам. Архив
Ноутбук колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы атайын илимий журналга басылып чыккан.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Түн жарымга чейин компьютерди, планшетти же телефонду тиктеп отуруу уйкуну, организмдин суткалык нормасынын ыргагын буза турганын Гарвард университетинин окумуштуулары аныктап чыгышты. Изилдөөнүн жыйынтыгы Physiological Reports журналына жарыяланды.

Курение сигарет - Sputnik Кыргызстан
Жакыныңыз чылымын таштабай жатабы? Окумуштуулар жеңил ыкма сунуштады
Эксперимент учурунда окумуштуулар катышуучуларга уктар алдында беш саат компьютерде жана гезит, китеп окууну сунушташкан. Изилдөөгө 22 жаштан 28 жашка чейинки жигиттер менен кыздар катышкан.

Жыйынтыгында жарык чыгарган планшет менен компьютерлер уйкунун келүү ылдамдыгын азайтары аныкталып, катышуучулардын басымдуу бөлүгү эртең менен уйкусу канбай, кунт коюусу начарлаганын айтышкан.

Окумуштуулар ошондой эле компьютер, планшет жана телефонду кечкисин көп тиктегенде адамдын сергектигин жана уйкусун көзөмөлдөй турчу мелатонин затынын иштелип чыгышына терс таасир берерин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0