Путин болуп көрбөгөндөй кризисти жаратуучу негиздерди атады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принял участие во втором дне работы ПМЭФ - 2018
Президент РФ В. Путин принял участие во втором дне работы ПМЭФ - 2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта Петербургда эл аралык экономикалык форум өтүп жатат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин ири масштабдагы экономикалык кризиске алып келиши мүмкүн болгон себептерди атады.

Анын Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда айтканына караганда, нормалардан аша чаап кетүү жана ишенимди жоготуу дүйнөдө буга чейин боло элек экономикалык кризиске алып келиши ыктымал. 

"Келишимдеги кайсы бир тараптын оюндан чыгып кетиши — ар дайым тобокелчилик жаратат. Глобалдык масштабда өзгөчө күчтүү мамлекеттердин мындай кадамдары башкаларга чоң кесепетин тийгизет. Айрыкча азыркыдай нормалардан аша чаап кетүү жана ишенимди жоготуу дүйнөдө буга чейин боло элек экономикалык кризиске себеп болушу ыктымал”, — деди Путин.

Анын айтымында, дүйнөдө протекционизмдин жаңы формалары пайда болду. Бул улуттук коопсуздук үчүн деген шылтоого жамынып, ар кандай чектөөлөрдү киргизүү. Кийин аны алып салуу үчүн тараптар менен соодалашуу.

Петербургдагы эл аралык экономикалык форумун быйы 26-майжа жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0