Окумуштуулар жай мезгили эки айга узарарын айтышты

Жазылуу
Ысык жана кургак мезгилдер Израиль, Египет, Ливан менен Түркия мамлекеттеринде узагыраак болуп, 2100-жылга чейин бул аймактарда жай алты айга чейин созулушу ыктымал.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Тель-Авив (Израиль) университетинин окумуштуулары климат ири өзгөрүүлөргө дуушар болуп, жай мезгилинин узарып кетишине алып келерин айтышты. Бул тууралуу маалымат аталган окуу жайдын сайтына жарыяланды.

Климаттын мындай өзгөрүшүнө адам баласынын жашоо-тиричилигинен улам бөлүнүп жаткан газдар себеп болууда. Окумуштуулардын айтымында, эгер адам баласынын активдүүлүгү климатка ушундай таасирин тийгизип отурса, жай мезгили кылымдын ортосуна чейин 25 пайызга, аягына чейин 50 пайызга узарат.

"Ысык жана кургак айлар Израиль, Египет, Ливан жана Түркия мамлекеттерине узагыраак болуп, 2100-жылга чейин бул аймактарда жай алты айга чейин созулушу ыктымал", — деп айтылат макалада.

Мындай өзгөрүүлөр аталган региондордо суу ресурстарынын сапатын начарлатып, сасык тумоо сыяктуу мезгилдик илдеттердин айыгуу мөөнөтүн узартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0