Окумуштуулар депрессиянын жаңы кесепеттерин аныкташты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТоодон деңизди карап турган адам. Архив
Тоодон деңизди карап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөгө узак убакыт депрессияда жүргөн 25, андан азыраак убакыт кыйналган 25 жана ден соолугу таза 30 адам катышкан

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Узакка созулган депрессия мээдеги өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн экенин Торонто университетинин окумуштуулары айтышты. Бул тууралуу The Lancet Psychiatry журналына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Иликтөөгө узак убакыт депрессияда жүргөн 25 (10 жыл), андан азыраак убакыт кыйналган 25 жана ден соолугу чың 30 адам катышкан.

"Биринчи топтогу адамдардын мээсинен адаттагыдан 30 пайызга көп транслокатордук белокторду табышкан. Аларды организм адамдын мээсин Альцгеймер, Паркинсон сыяктуу оор илдеттерден коргоо үчүн бөлүп чыгарат. Депрессия ал оорулардын катарына кирбегени менен мээни бир топ жабыркатып коюшу ыктымал", — деп айтылат макалада.

Мурдараак АКШнын Пенсильвания университетинин окумуштуулары кишилердин организминде болуп жактан беш мутацияны таап чыгышкан. Алардын бири ичимдикке каршы заттарды бөлүп чыгарган ADH тобундагы гендердин өзгөрүшү болчу. Илимпоздорго ишенсек, мутация ийгиликтүү ишке ашса, болжол менен бир миң жылдан кийин адам баласы ичимдиктен толугу менен баш тартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0