Америкалык модель кыздын жиликтелген сөөгү эки чемодандан табылды

© REUTERS / LUCAS JACKSONПолиция кызматкерлери. Архив
Полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28 жаштагы аялдын артында бир баласы калды. Ал модель катары иштеп, киного тартылып жана үн коштоп иштеген.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. АКШ полициясы 28 жаштагы модель Сара Жгоулдун сөөгүн тапты. Маркумду жиликтеп, башын кесип эки чемоаданга салып коюшкан. Бул тууралуу The Oregonian басылмасы билдирди.

Кылмыш Орегон штатындагы Алоха шаарында болгон. Маалыматка ылайык, кылмышкер сөөктү кара түстөгү BMW автоунаасынын багажнигине салып койгон.

Укук коргоо органдары шектүү кишини колго түшүрдү. Ал кармоо учурунда өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.

28 жаштагы аялдын артында бир баласы калды. Ал модель катары иштеп, киного тартылып жана үн коштоп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0