Тажикстанда түгөйүнүн көзүнө чөп салгандарды жоопко тартуу сунушталууда

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүСамая старая улица Москвы — Никольская
Самая старая улица Москвы — Никольская - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокурор Юсуф Рахмон сунушту карап көрөрүн айтты

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Тажикстанда ала жипти аттагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталып жатканын Sputnik Тажикстан агенттиги билдирди.

"Мындай пикирин башкы прокурор Юсуф Рахмон маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты", — деп жазылат маалыматта.

Суд над бывшим доктором национальной сборной США по гимнастике Ларри Нассаром - Sputnik Кыргызстан
АКШ: экс-дарыгер гимнаст кыздарды төшөккө тартканы үчүн 175 жылга кесилди
Журналисттердин бири акыркы учурда өлкөдө кызганычтын айынан адам өлтүрүү көбөйүп жатканын айтып, ала жипти аттаган түгөйлөрдү жоопко тартуу керектигин сунуштаган.

Былтыр октябрь айында Тажикстандын укук коргоо органдары адам өлтүрүүгө шектүү катары 56 жаштагы тургунду кармашкан. Ал 40 жаштагы мурдагы келинчегинин жумушуна келип, кызганычтын айынан аны 19 жолу бычак менен сайып өлтүргөн.

Басылма акыркы учурларда мындай окуялар байма-бай катталганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0