АКШ: экс-дарыгер гимнаст кыздарды төшөккө тартканы үчүн 175 жылга кесилди

© REUTERS / BRENDAN MCDERMIDСуд над бывшим доктором национальной сборной США по гимнастике Ларри Нассаром
Суд над бывшим доктором национальной сборной США по гимнастике Ларри Нассаром - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал травма алган кыздардын оорусун басам деп чакырып алып, өзүнүн арам оюн ишке ашырып, жыныстык катнашка барган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Индиана штатында АКШнын гимнастика боюнча улуттук курама командасынын дарыгери Ларри Нассар спортчу кыздарды төшөккө тартып жүргөнү үчүн 175 жылга кесилди. Сот 156 курмандыктын сөзүн укканын BBC жазды.

Нассар спортчу 10 кызга тийишкем деп, алардын ичинде олимпиадалык оюндардын катышуучулары болгондугун айтты. Буга чейин 54 жаштагы бул киши балдардын порнографиясын компьютеринде сактагандыгы үчүн 60 жылга соттолгон.

Индианада өкүмдү угузуп жатып сот Розмари Акилина сөзүн эмоциялуу сүйлөгөн.

"Кайрадан кандайдыр бир себептер менен эркиндикке чыгууга акыңыз жок. Эмне деген иштерди жасаганыңызды сезген да жоксуз. Мен сизди итимдин жанына да жолотпойт элем", — деди судья.

Сот Нессардын айбандык аракеттерине кабылган курамандыктардын көрсөтмөлөрүн жети күн бою уккан. Алардын бир катарлары дарыгерди кечиргендигин айтышкан.

Ал эми ага сөз берилгенде дарыгер төмөнкүчө сүйлөгөн.

"Менин сезимдерим менен силердин жан чыдатпаган ооруга кабылып, жаракат алып, маанайыңар чөгүп, көкүрөктү боштук ээлеген сезимиңерди салыштырууга болбойт. Анын жанында шоона эшпей калат. Кандай өкүнүп жатканымды сөз менен айтып да бере албайм", — деген Ниссар өзүнүн курмандыгы болгондорго жана алардын туугандарына кайрылып жатып.

Ал кыздардан кечирим сурай тургандыгын кошумчалаган.

Зордуктоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Секелек кызды зордуктаганын видеого тартып... Октябрдагы 10 криминалдык окуя
Жети күн бою көрсөтмө берген спортчулардын көрсөтмөсү көп учурда бири-бирине абдан окшош болгон. Ал травма алган кыздардын оорусун басам деп чакырып алып, өзүнүн арам оюн ишке ашырып, жыныстык катнашка барган.

Кээ бир кыздар ушунчалык жаш жана баёо болгондуктан, учурунда эч нерседен шек санабай, кыздык белгисинен ажырагандыгын бир жылдан кийин билишкен.

Ага өкүм чыккандан кийин сот залында отургандар туруп алып бир топко кол чаап турушкан.

Докторго каршы көрсөтмө бергендердин арасында олимпиадада алтын медаль алган Али Райзман жана Жордин Уибер болгон.

Олимпидага катышып жүргөн Маккейла Марони, Габби Даглас жана Симона Байлз да аларга Нассардын кантип тийишкендигин, кармалагандыгын айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0